Кыргызстан Карабахтагы абалды чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр

© Sputnik / Медиабанкка өтүүСитуация в зоне карабахского конфликта
Ситуация в зоне карабахского конфликта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эки тарапты тез арада кепке келип, Карабах чыры боюнча маселени чечүүгө чакырды

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Кыргызстан Тоолуу Карабахтагы абалды чечүүгө жардам көрсөтүүгө даяр деп билдирди ТИМдин маалымат кызматы. 

Бордюжа: Тоолуу Карабах чатагы саясий жол менен гана чечилет
2-апрелде Армения менен Азербайжан Карабах аймагында абалдын курчуп жатканын билдиришкен. Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрү аткылай баштаганын айтса, армян тарап Азербайжан баскынчылык аракетин баштады деп билдирди.

Ал арада Бириккен улуттар уюму чыр-чатактын кесепетинен 33 адам каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алганын айткан.

Кыргызстан эки тарапты кепке келип, жагдайды тынчтык жана дипломатия жолу менен чечүүгө чакырды. ТИМдин маалыматында, чыр-чатакты мындай ыкма менен чечүү эл аралык укуктардын нормасы жана жалпы кабыл алынган принциптер экендиги айтылат. 

"Кыргызстан чатакты чечүүнүн жолдору катары конструктивдүү сунуштарды издеп жана буга саясий жактан таасирин тийгизүүгө даяр. Бул боюнча Кыргызстандын 1994-жылдын 5-майында кол коюлган Бишкек протоколуна негизделген тарыхый тажрыйбасы бар ", — деп айтылат ТИМдин тараткан маалыматында.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.

Тоолуу Карабах: Армения кирип келгендигин айтса, Азербайжан аны жокко чыгарды
1992-жылдан бери ЕККУнун Мински тобунун алкагында чыр-чатактарды дипломатия жолу менен чечүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Бул боюнча Азербайжан өзүнүн аймагынын бүтүндүгүн сактоо керектигин негиз катары кармаса, Тоолуу Карабах Республикасы сүйлөшүү жүргүзө турган тарап болбогондуктан, Армения тааныла элек республиканын кызыкчылыгын сактоого аракет кылууда. 

1994-жылы 5-майда Россия, Кыргызстан жана КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын арачылыгы менен Бишкек шаарында Азербайжан, Армениянын өкүлдөрү жана Тоолуу карабахтагы бул эки элдин жамааттары майдын 8инен 9уна караган түнү ок атууну токтогууга чакырган. Карабах чырын жөнгө салуу боюнча кабыл алынган бул документ Бишкек протоколу деген ат менен тарыхта калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0