Кыргыз өкмөтү Өзбекстандан 4 пансионатты эмненин негизинде алып жатканын түшүндүрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековПансионаттагы эс алуучулар. Архив
Пансионаттагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын менчигине Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески", Кара-Ой айылындагы "Дилором" жана "Рохат-НБУ", ошондой эле Тоң районундагы "Бустон" пансионаттары өттү.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Өзбекстан тарабынан иштетилип келген көл жээгиндеги төрт пансионат Кыргызстандын менчигине өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү токтомго премьер-министр Темир Сариев кол койду.

Ага ылайык, Кыргызстандын менчигине Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан "Золотые пески" (аянты 28,35 гактар), Кара-Ой айылындагы "Дилором" (аянты 21,77 гектар) жана "Рохат-НБУ" (19,05 гектар), ошондой эле Тоң районундагы "Бустон" (10,35 гектар) пансионаттары өттү. 

Мындай чечим 1992-жылы кабыл алынган макулдашуунун негизинде кабыл алынды. Ага ылайык, СССР кулаганга чейин колдонулуп келген объектилер кайсы мамлекеттин аймагында болсо, ошол өлкөнүн карамагына өтөт.

Байконурдун мисалында

Бул токтом боюнча Ысык-Көл облусунун мурунку жетекчиси Эмилбек Каптагаев өкмөттүн пансионаттарды Кыргызстандын карамагына алуу чечими чарбалык маселе экенин белгилейт.

"Бул жерде эч кандай саясат жок. Алар негизи биздики эле болчу, бирок юридикалык жактан бекитилген эмес", — дейт Каптагаев.

Цемент завод. Архив - Sputnik Кыргызстан
СССР учурунда КР аймагына коңшу өлкө тарабынан салынган объектилер Кыргызстанга өтөт
Ал СССР кулагандан кийин Кыргызстандын аймагындагы объектилердин баары автоматтык түрдө мамлекеттин менчигине өтөрүн белгиледи. Бирок бул жерде 20 жылдан ашуун убакыттан бери өкүм сүрүп келген айрым юридикалык маселелер бар болчу.

"Буга казактардын Байконуру да күбө. Демек, Кыргызстан эгемендик алгандан берки процесске чекит гана койду", — деди ал.

Маммүлк түшүндүрөт

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрага орун басары Мурадил Жумадилде уулу 1992-жылы коңшу өлкөдөгү маданий-рекреациялык мүнөздөгү объектилер жайгашкан өлкөнүн менчигине өтүшү керек экенин түшүндүрүп берди.

"Аталган пансионаттар биздики болгону менен иш жүзүндө аларды өзбек тарап пайдаланып келген. Эми аталган жайлардын Кыргызстанга өтүүсүн мыйзамдаштырган чечим кабыл алынды", — деди ал.

Мурадил Жумадилде уулу алгач өкмөттүн токтому чыгарын, андан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу техникалык паспорт, Кызыл китеп жана жердин документин, ошондой эле кабыл алуу актысын берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0