КМШ өлкөрүнүн тышкы иштер министрлери Москвада жолугат

Жазылуу
Жолугуунун күн тартиби боюнча алар КМШга кирген өлкөлөрдүн ар кыл тармактагы кызматташуусун талкуулашат.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Москвада 8-апрель күнү Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине (КМШ) мүчө болгон өлкөлөдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны өтөт. Бул тууралуу КМШнын Аткаруу комитети билдирди. 

Күн тартиби боюнча алар КМШга кирген өлкөлөрдүн ар кыл тармактагы кызматташуусу талкууга алышат.

Мындан сырткары жыйындын алкагында тышкы иштер министрлери 2015-жылда жасалган иштерди жыйынтыктап, 2016-жылга карата пландарды талкуулашат. Отурумда өлкөлөр арасындагы аскерлерди даярдоо, жаш ишкерлерди колдоо маселелери талкууланат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0