Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Үңкүр-Тоо: жаңы телерадиомунара үчүн жер бөлүндү

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүАнтенналар. Архив
Антенналар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Бозбу-Тоо тоосунун Ителги чокусуна курулат. Ал эми Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" телерадиомунарасы мурункудай эле кызмат кылуусун улантат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" телерадиомунарасы менен биргеликте иштей турган станция үчүн жер бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. 

Аталган чечим 1-апрель күнү Кербен шаардык кеңештин депутаттары тарабынан кабыл алынды. 

Жаңы телемунара Бозбу-Тоо тоосунун Ителги чокусуна курулат. Ал эми Үңкүр-Тоодогу "Кербен-24" станциясы мурункудай эле кызмат кылуусун улантат. 

"Санариптик көрсөтүүгө өтүп жаткандыгыбызга байланыштуу Аксы, Чаткал жана Ала-Бука райондоруна сапаттуу сигнал жеткирүү максатында жаңы телерадио мунара курулуп жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Кербен шаардык кеңештин депутаттарынын жыйынына катышкан өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров аларга Үңкүр-Тоону өзбек тарапка өткөрүп берүү боюнча эч кандай токтом жок экенин түшүндүрүп берди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0