Атамбаев Штайнмайер менен аймактагы коопсуздук маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту
Президент Алмазбек Атамбаев Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕККУ төрагасы, Германиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди. Өлкө башчы менен жолугушууда ал Кыргызстандын Европа, анын ичинде Германия менен болгон кызматташуусун талкуулады.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Европанын коопсуздук жана кызматташуу уюмунун учурдагы төрагасы, Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Атамбаев БУУнун өкүлү Драганов менен Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулады
ЕККУнун төрагасы Кыргызстанга иш сапар менен келди. Штайнмайер кыргыз-германиялык мамилелерди өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн маанисин айтып өттү.

Жолугушууда Кыргызстандын ЕККУ жана Германия менен кызматташуусунун жогорку деңгээли белгиленип, ар кыл тармактагы өз ара кызматташуунун негизги багыттары аныкталды.

Тараптар аймактагы коопсуздукту камсыздоо жана бүгүнкү күндүн коркунучтарына каршы аракет көрүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0