Эртең Бишкекке ЕККУ төрагасы келет

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГерманиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер. Архив
Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш сапардын жүрүшүндө аймактагы коопсуздук жана терроризмге каршы багытындагы кызматташуу маселелери талкууланат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы — Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер 31-март күнү Кыргызстанга келе турганын ТИМ билдирди.

Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: эл аралык терроризм менен экстремизм — ЕККУнун да башкы коркунучу
Маалыматка ылайык, иш сапар 1-апрелге чейин уланат. Анын алкагында министрди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алат. Мындан тышкары, Штайнмайер Жогорку Кеңештин тармактык комитети жана тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуу өткөрөт.

Иш-чарада эки жана көп тараптуу кызматташуу — аймактагы коопсуздукту күчөтүү, терроризмге каршы күрөшүү жана ЕККУ алкагында өз ара кызматташуу маселелери талкууланат. 

Иш сапардын алкагында кыргыз өкмөтү менен ЕККУ ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0