"Зеленстрой" мекемесине жаңы жетекчи дайындалды

Жазылуу
Буга чейинки жетекчи өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы "Зеленстрой" муниципалдык мекемесине жаңы жетекчи болуп Токтобек Элгондиев дайындалганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Элгондиевди дайындоо боюнча буйрукка Бишкек мэри Албеком Ибраимов кол койду. Элгондиев буга чейин "Тазалыктын" жетекчисинин орун басары болуп келген.

"Зеленстрой" мекемесинин мурдагы жетекчиси Анвар Атантаев өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арызын 24-мартта жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0