Беш өрдөк: президент болчу Ибраимова жана РАЖдан депутат болууну эңсеген Тербишалиев

© Расул УсеналиевГезиттеги макала.
Гезиттеги макала. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Депутаттыкты эңсеген Данияр Тербишалиев

"De-Факто" гезити 25-мартта чыккан санында экс-депутат Данияр Тербишалиевди "Республика – Ата-Журт" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке кайта депутат болуп келүүсү ыктымал деп жазды.

"…Данияр мырза да жакынкы аралыкта Жогорку Кеңешке келүүгө шымаланып туруптур. Ал үчүн Бабанов дагы үч-төрт талапкерди "быржыбай" кылса, Тербишалиевдин тизмеси келип калат өңдөнөт", — деп жазат аталган гезит.

Тербишалиев учурда саясатка аралашуу боюнча ою жок экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Мен бул маселе боюнча эч бир гезит, саясатчы менен сүйлөшкөн жокмун. Азырынча саясатка барам, аралашам деген оюм жок", — деди ал.

Элмира Ибраимова президенттикти көздөп…

"Азия News" гезити 24-мартта чыккан санында Элмира Ибраимованы саясатта жүргөн айрым аксакалдар президент болууга татыктуу деп жатканы тууралуу жазды.

"… саясий элитанын аксакалдары "Султан Ибраимовдун ушул кызы профессионал, таза кадр, интрига менен ушактан алыс, мамлекетти башкаруу жаатында бышып калды, президенттик шайлоого чыкса эл колдойт" деп айтышууда", — деп аталган гезит жазды.

Ал эми Эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине бул боюнча өз пикирин билдирди.

"Мен президенттикка даярданган жокмун, шайлоого деле барбайм", — деди ал.

Ибраимова кызматтан кеткенден кийин эмне менен алектене турганын Жогорку Кеңештин жыйынында айтканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0