Алдын ала маалымат боюнча кайсы партиялар шаардык кеңештерге өтөт?

Жазылуу
Бүгүн Кыргызстандын алты шаарында жана 22 айыл аймагында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Шаардык кеңешке болгон шайлоодо кайсы партиялар өткөнү боюнча болжолдуу жыйынтыкты БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйында билдирди.

27-мартта жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл аймактарында өттү. Жети пайыздык босогону өткөн гана партиялар мандат алат. Жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлайт.

Орточо эсеп менен шайлоочулардын келиши жалпысынан 56 пайызды түздү.

Ош шаардык кеңкештеги 45 орунду алты партия бөлүшөт. Ал партиялар төмөндөгүдөй: 

  • "КСДП" партиясы — 16 мандат;
  • "Кыргызстан" саясий партиясы — 9 мандат;
  • "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясы — 6 мандат;
  • "Республика – Ата-Журт" саясий партиясы — 5 мандат;
  • "Бир бол" саясий партиясы — 5 мандат;
  • "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясы — 4 мандат.

Ал эми Майлуу-Суу шаарындагы 31 орунду алдын ала маалымат боюнча төрт партия бөлүшөт.

  • "Республика— Ата-Журт" — 40,2 пайыз;
  • КСДП — 37,9 пайыз;
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 9,9 пайыз;
  • "Ата—Мекен" — 7,9 пайыз.

Каракол шаардык кеңешке (31 орун) беш партия өттү:

  • "Табылга" – 28,5 пайыз;
  • КСДП — 14 пайыз;
  • "Кыргызстан" – 10,2 пайыз;
  • "Республика— Ата-Журт" – 9 пайыз;
  • "Өнүгүү-Прогресс" – 8,3 пайыз.

Балыкчы шаардык кеңешке (31 орун) алдын ала маалыматтар боюнча беш партия өттү:

  • "Замандаш" — 21,7 пайыз; 
  • "Кыргызстан" — 13,4 пайыз;
  • "Республика— Ата-Журт" —11,2 пайыз;
  • СДПК – 11,1 пайыз;
  • "Өнүгүү-Прогресс" — 9,5 пайыз.

Кемин шаардык кеңешке (21 орун) болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча беш партия өттү:

  • КСДП —36 пайыз;
  • "Республика— Ата-Журт" – 17,4 пайыз;
  • "Замандаш" — 10,1 пайыз;
  • "Өнүгүү – Прогресс" — 8,5 пайыз;
  • "Улуу Кыргызстан" — 8,4 пайыз.

Токмок шаардык кеңешке (31 орун) алдын ала жыйынтык боюнча төрт партия өттү: 

  • КСДП — 37 пайыз;
  • "Кыргызстан" —20 пайыз;
  • ""АК" адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы — 12 пайыз;
  • "Республика— Ата-Журт" — 10,4 пайыз.

Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу Кеминде 56,3 пайыз, Токмокто — 61,5 пайыз, Ошто — 60,5 пайыз, Майлуу-Сууда —54 пайыз, Балыкчыда — 52 пайыз жана Караколдо— 43 пайызды түздү.

Шайлоо боюнча мыйзамга ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0