Кемин шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгы: КСДП биринчи орунда

© Жазгуль Женишбекова Кемин шаарындагы №7007 шайлоо участогу
Кемин шаарындагы  №7007 шайлоо участогу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар боюнча 5 414 шайлоочу болсо, анын 2 852си өз добушун берген.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Кемин шаардык кеңешке болгон шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарды.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандагы алты шаарда жана 22 айыл аймакта жергиликтүү кеңешке шайлоо болду.

Шаар боюнча 5 414 шайлоочу болсо, анын 2 852си өз добушун берген. БШКнын алдын ала берген маалыматы боюнча добуш алган партиялардын тизмеси төмөндөгүдөй:

  • КСДП — 1 034 (36,09 пайыз);
  • "Республика-Ата Журт" саясий партиясы — 504 (17,59 пайызы);
  • "Замандаш2 саясий партиясы — 293(10,23 пайызы);
  • "Өнүгүү-прогресс» саясий партиясы — 246 (8,59 пайызы);
  • "Улуу Кыргызстан" саясий партиясы — 242 (8,45 пайызы);
  • "Кыргызстан" саясий партиясы — 161 (5,62 пайызы);
  • "Баба-дыйкан" дыйкандар, фермерлер саясий партиясы — 127 (4,43 пайызы);
  • "Эмгек" саясий партиясы — 107 (3,73 пайызы);
  • "Ата Мекен" саясий социалистик партиясы — 78 (2,72 пайызы); 
  • "Бир бол" Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясы — 60 (2,09 пайызы).

Мыйзам боюнча жети пайыздык босогону өткөн партияларга гана жергиликтүү кеңештен мандат берилет. Алар өз кезегинде жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0