Тайырбек Сарпашев: Ош шаары боюнча бир жарым сааттын ичинде 12 пайыз шайлоочу добуш берди

© Sputnik / Исмаил МамытовХод выборов в местные кенеши в Кыргызстане
Ход выборов в местные кенеши в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаары боюнча 7 миң аппарат кызмат көрсөтүүдө. Эртең мененки саат 8:00дон тарта Ош шаарында жайгашкан 73 шайлоо участкасы босогосун ачып, шайлоочуларды кабыл алууда.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Шайлоо башталгандан тартып Ош шаары боюнча 12 пайыз шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында шайлоонун жүрүшү Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлгөн штаб аркылуу көзөмөлдөнүүдө. 

"Техниканын баары ойдогудай иштеп жатат. 5-6 участкаларды кыдырдым, ал жерлерде 12 пайыз шайлоочу добуш берди. Операторлордун тажрыйбасынын аздыгынан улам маселелер чыгууда. Бирок аларды жеринде дароо чечип жатабыз. Ош шаары боюнча 50 пайыздан жогору адам катышат деген ойдобуз", — дейт Сарпашев.

Ал кошумчалагандай күн мурун операторлорго түшүндүрүү иши жүргүзүлгөн. 73 участокто операторлорго кошумча 35 адис жардамдашып жатат. Мөөнөтүнөн мурда 1162 арыз келип түшүп, 872 адам добуш берди. 

"Жарандардын да документтеринде мүчүлүлүштүктөр бар. Жеке өзүм биометрикадан өтпөй туруп добуш берүүгө аракет кылгандарды көрдүм. Алар добуш бере албайт. Атайлап электрондук урналарды бузууга аракет кылып жатышат. Биз ага жол бербейбиз", — деди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы.

Эртең мененки саат 8:00дон тарта Ош шаарында жайгашкан 73 шайлоо участкасы босогосун ачып, шайлоочуларды кабыл алууда. 

Анда 117 миң 752 шайлоочунун катышуусу күтүлүүдө. Алардын 1162си кечээ мөөнөтсүз шайлоого катышкан.

Эскерте кетсек, бүгүн 27-мартында жергиликтүү кеңештерге шайлоо алты шаар менен 20дан ашуун айыл өкмөттөрүндө өтөт. Анда биометрикалык маалымат тапшырган 265 миң жаран добуш берет.

Жергиликтүү кеңештерге шайлана турчу депутаттар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0