Турганбаев: азыр отставкага кетейин деген оюм жок

© Sputnik / Виктор ТолочкоИчки иштер министри Мелис Турганбаев. Архив
Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министри ал бир катар коомдук активисттер менен саясатчылардын кокосуна сайылган сөөк экенин айтып, мындай маалыматтарды таратуу алардын кызыкчылыгында болушу мүмкүндүгүн билдирген.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Ички иштер министри Мелис Турганбаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазбаганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттары ички иштери министри кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын маалымдашкан.

Турганбаевдин отставкага кетүү боюнча ою жок экенин министрликтин маалымат кызматы баса белгилейт.

"Азыр отставкага кетейин деген оюм жок. Бүгүнкү күнү ички иштер органдарын реформалоо боюнча көптөгөн пландар бар. Ошондой эле милиция кызматкерлерине шарт түзүү керек. Мени кызматтан кетиптир деген маалыматтар чындыкка коошпойт", — деп министр билдиргенин ИИМдин маалымат кызматы маалымдады.

Ички иштер министри аны кызматтан кетти деп маалымат таратуу кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы экенин айтат. Себеби ал айрым жарандар менен саясатчылардын кокосуна сайылган сөөк экенин белгилеген.

Турганбаев эгер кызматтан кете турган болсо, журналисттерге өзү билдирин маалымат кызматы маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0