Президент: саясатчы сөрөйлөр өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына, коопсуздугуна доо кетирүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн 2005-жылдын 24-мартында болгон революциянын 11 жылдыгына карата кайрылуу жасады.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Айрым саясатчы сөрөйлөр билип-билбей Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына, өлкөнүн коопсуздугуна доо кетирүүдө. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 24-марттагы революциянын 11 жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Анын айтымында, 2005-жылдын 24-марты Кыргызстандын тарыхында эң жаркын күндөрдүн бири катары кала турган жөнү бар эле. Элге жек көрүндү болгон бийлик кулатылгандан кийин кечинде борбор шаарыбызды селдей каптаган талап-тоноочулук элдин кубанычын суу сепкендей өчүргөн. 

"Бийликке келген Бакиевдин үй-бүлөсүнүн жана анын жан жөкөрлөрүнүн чыныгы ач көз жана мыкаачы жүзү элдин кыжырын келтирди. Март революциясынан беш жыл өткөндөн кийин 7-апрелде айласы түгөнүп, үмүтү үзүлгөн эл экинчи үй-бүлөлүк-кландык режимди да кулатты", — деп айтылат кайрылууда.

Президент апрель элдик революциясынын шарапаты менен алты жыл арасында зор иштер жасалганын белгиледи. 

"Бүгүн Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга себеп да, негиз да жок. Кыргызстанда бийликти демократиялык эркин шайлоо жолу менен алмаштыруу мүмкүн экенине элдин көзү жетти. Бардык саясатчыларга жана саясий партияларга өз дараметин сыноого жана шайлоолорго катышуу үчүн шарттар бар. Өткөн жылдагы парламенттик шайлоолордун таза өткөнүнө бүт дүйнө күбө болду. 2017-жылы өлкөнүн жаңы президентин шайлоо да ачык жана таза өтөөрүнө ишенем", — деди өлкө башчы.

Атамбаев ошондуктан айрым саясатчылардын коомдук-саясий кырдаалды курчутуу, чагымчылдык жана тополоңдор менен бийликке келүү максаттары тууралуу акыркы маалыматтар аны иренжиткенин белгиледи.

"Албетте, алардын мындай аракеттерине саясатта жолу болбогондордун куру кыялы катары мамиле жасап, көңүл бурбай деле койсок болмок. Бирок, бул саясатчы сөрөйлөр билип-билбей Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына, өлкөнүн коопсуздугуна доо кетиришүүдө", — деди президент.

Өлкө башчы Кыргызстан жаңыдан гана туруктуу өнүгүү жолуна түшкөнүн, бакубат жана өнүккөн өлкөгө айлануу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилеп, азыр саясатчылар эле эмес, ар бир жаран өз мамлекетинин мындан аркы тагдырына күйүп-быша турган мезгил келгенин айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0