Атамбаев: биз коңшу өлкөлөр менен согушпайбыз, бирок өз кызыкчылыгыбызды коргойбуз

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер менен болгон жолугушуусунда
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер менен болгон жолугушуусунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбек чек арачыларын көкүтүү аракеттеринен майнап чыккан жок. Айрымдар бийлик үчүн коңшу мамлекет менен согушууга даяр, деди президент.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Чек арадагы кырдаалга сабырдуу мамиле күтүп, бардык маселени тынчтык жол менен чечүү керектигин президент Алмазбек Атамбаев бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Өлкө башчы бул мезгил аралыгында абалды курчутууга аракеттер болгонун айтты.

"Өзбек чек арачыларын көкүтүү аракеттеринен майнап чыккан жок. Айрымдар бийлик үчүн коңшу мамлекет менен согушууга даяр", — деди президент.

Анын айтымында, ЖККУ кайсы бир тарап зордук-зомбулук көрсөткөн учурда гана кырдаалга кийлигише турганын белгиледи. Мындан улам азырынча аталган уюм менен консультациялар гана жүрүүдө.

"Биз өзбек тарапка жооп кайтара алабыз, бирок сабырдуу болуп, маселени тынчтык жол менен чечүү зарыл. Мурда алардын колунда таасир этүүчү куралдар бар эле, мисалы, светти өчүрүп коюшчу. Рычагдардан ажыраган соң эми ушундай кадамдарга барууда", — деди Атамбаев.

Өлкө башчы Кыргызстан эч убакта коңшу мамлекеттер менен согушууга барбай турганын, бирок ошол эле учурда өз кызыкчылыгын коргоодон баш тартпай турганын баса белгиледи.

Эскерте кетсек, 18-март күнү өзбек чек арачылары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун Кербен — Ала-Бука автожолунун 20-чакырымындагы "Чаласарт" такталбаган аймагын алдын-ала билдирбестен жана макулдашпастан жаап, аскер техникаларын жайгаштырган. Мындан тышкары, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Ал эми аталган жолдон өткөн кыргызстандыктардан чет элдик паспорт талап кылынганы айтылган.

Ташкент аркылуу өткөн аба жана чек арадагы кырдаал — Атамбаевдин пикири
Жооп иретинде Кыргызстан да эки БТР менен 40ка чукул аскерлерин койгон. Ошол эле күнү Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Кыргызстандагы элчисине чек араны ачуу талабы менен каршылык нотасын тапшырган.

Өзбекстандын Чек ара комитети чек аранын бир тараптуу жабылышы Нооруз майрамына байланыштуу экенин билдирген.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аскерлердин саны кыскартылып, эки өлкөдөн сегизден жоокер кайтарып калган. 

Кечээ, 23-март күнү Өзбекстандан жооп иретинде нота келип, анда Өзбекстанда жылына Нооруз майрамын майрамдоо учуруна коопсуздукту жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында мамлекеттик чек араны кайтарууну күчөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлөрү белгиленген. 

Кыргыз тарап такталбаган "Чаласарт" чек ара аймагына өзбек тарап тосмолорду коюуга, куралдуу күчтөрүн жана аскердик техникасын киргизүүгө укугу жок экенин дагы бир ирет кайталап, Өзбекстан менен конструктивдүү сүйлөшүүгө даяр экенин айткан. Тийиштүү нота ошол эле күнү жиберилген.


Жаңылыктар түрмөгү
0