Кыргызстан менен Россиянын ТИМ башчылары Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жолугушуу учурнда. Архив
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев жолугушуу учурнда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы иштер министрликтеринин башчылары ШКУ менен ЖККУнун алкагында кызматташуу маселелерин да талкуулашты.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров телефон аркылуу Борбор Азиядагы кырдаалды талкуулашты. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министрлигинин берген маалыматында айтылат.

"23-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Абдылдаевдин сунушу менен Россиянын тышкы иштер министри Лавров байланышты", — деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрликтеринин башчылары эки өлкөнүн мамилелери, Борбор Азиядагы кырдаал жана ШКУ менен ЖККУнун алкагында кызматташуу маселелерин талкуулашканы маалыматта белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0