Өкмөт: Кыргызстан Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тааныган эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековФлаг Кыргызстана. Архивное фото
Флаг Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билдирүүдө Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссия тарабынан такталбаган жана макулдашылбаган аймак экенин белгиленет.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстан Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тааныган эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, учурда жергиликтүү кеңештин депутаттарына таянуу менен айрым маалымат каражаттарында жана Интернет айдыңында "Кербен" мунарасын башка жакка көчүрүп, станция жайгашкан жер Өзбекстандын карамагына өтөт деген маалымат тарап кеткен.

Өкмөт башчы: бир сантиметр жерибизди да бербейбиз
Өкмөт буга чейин телемунараны башка жерге көчүрүү боюнча маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун маалыматтык коопсуздугун камсыздоо жана санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу максатында Үңкүр-Тоодогу "Кербен" телемунарасы (РРС-24) менен бирге иштей турган жаңы станция куруларын белгилеген.

Муну менен бирге кыргыз өкмөтү Үңкүр-Тоо кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссия тарабынан такталбаган жана макулдашылбаган аймак экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0