ЖК депутаттары өкмөт мүчөлөрү менен чек арадагы абалды талкуулашты

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев жана өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча кенен маалымат беришти.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар өкмөт башчы Темир Сариев менен кыргыз-өзбек чек ара маселесин талкуулашты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Жолугушууга парламент тараптан төрага Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар — Өмүрбек Текебаев, Канатбек Исаев, Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Алмазбек Баатырбеков жана Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов катышса, өкмөттөн премьер-министр Сариев, ички иштер министри Мелис Турганбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев жана Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров болду.

Өкмөт башчы: бир сантиметр жерибизди да бербейбиз
Жолугушууда өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча кенен маалымат беришти. Өз кезегинде депутаттар маселени жайгаруу, андан чыгуунун жолдоруна байланышкан суроолорду узатышты.

Эскерте кетсек, 18-март күнү Жалал-Абаддын Ала-Бука районунда Өзбекстандын чек арачылары такталбаган аймакка эки БТР жана 40ка жакын аскерин жайгаштырып, "Маданият-автодорожный" өткөрүү пунктун жаап салган. Өзбекстандын Чек ара комитети чек аранын бир тараптуу жабылышы Нооруз майрамына байланыштуу экенин билдирген.

Чек ара кызматы бүгүнкү күнгө карата Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасынын Чаласарт аймагындагы абал туруктуу экенин белгилейт. Учурда чек арачылар күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөсүн улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0