Сариев: чек ара маселеси митинг менен эмес, дипломатиялык жол менен чечилет

Жазылуу
Өкмөт башчы аксылыктар менен жолугуп жатып, кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал курчугандан баштап сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Чек арадагы чырлуу маселени айрымдар керт башынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылып жатышат. Маселе мындай жол менен чечилбейт деп премьер-министр Темир Сариев Аксы эли менен жолугушууда билдирди.

Ал абалды түшүнүү менен кабыл алган жергиликтүү тургундарга ыраазычылык билдирди.

"Жашыра туран эч нерсе жок. 17-мартта президент Алмазбек Атамбаев келип, кандуу окуяда каза болгондорду эскерип кетти. Бүгүн мен бул жакка чек ара маселеси боюнча келдим. Чек арадагы чыр согушка алып келген учурлар аз эмес. Бирок бүгүн жалган патриоттор бул маселени өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, элге бүлүк салууга аракет кылып жатышат. Чек ара маселеси митингдер менен чечилбейт", — деди Сариев.

Өкмөт башчы мамлекеттик чек ара маселесин чечүүнү бетине кармап митинг уюштурууну каалагандар менен жолуугуга даяр экенин белгиледи. 

"Чек арадагы талаш президент менен өкмөттүн чечкиндүү кадамдарынан улам жаралууда. Эң башкысы — Кыргызстан бардык мамлекеттер менен тең ата сүйлөшкүдөй болушу керек. Бул маселе да чечилет. Өкмөт тарабынан атайын план иштелип чыкты", — деди премьер-министр. 

Сариев кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал курчугандан баштап сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады. 

Аксыда чек ара боюнча митингге эл чогулуп жатат
"Чек ара маселеси мыйзам чегинде чечилиши керек. Митинг менен пикеттерден эч майнап чыкпайт. Өлкөдө эми гана стабилдүүлүк орной баштады. Чек ара маселеси чечилет, бирок буга убакыт жана дипломатиялык мамиле керек. Тийиштүү органдар мамлкеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча иштерди жүргүзүп жатат", — деди өкмөт башчы.

Аксылыктар менен жолугуп жатып, премьер-министр аталган аймакта суу маселесин чечүү үчүн 40-50 миллион сом, ал эми эки чакырым жолдун реконструкциясы үчүн 2 миллоин сом бөлүнгөнүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0