03:50 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)
53310

КРдин туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Аман Мамбетсеитов ЖККУнун мүчө өлкөлөрүнө кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туурасында маалымат берет.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. 2016-жылдын 22-мартында Кыргызстандын демилгеси менен Москвада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Туруктуу кеңешинин мөөнөтсүз жыйыны болот. Бул туурасында КРдин Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жыйынында КРдин туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү Аман Мамбетсеитов ЖККУнун мүчө өлкөлөрүнө Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы абал туурасында расмий маалымат берет. 

2016-жылдын 18-мартында өзбек тарап Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кыргызстан менен болгон чек арасына зооттолгон эки транспортту, 40ка чукул аскерин койгон. Бир жактуу негизде "Маданият" көзөмөл өткөрүү пунктун жапкан. Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара комитети Нооруз майрамына көрүлгөн даярдыктан улам, чек араларын бир тараптуу бекемдегенин билдирген. 

Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин, учурда ал жерде эки тараптан сегизден аскер калтырылды. Буга чейин 20дан аскер турган.

Тема:
Өзбекстан КР менен болгон чек арасына БТРлерди жайгаштырды (54)

Тема боюнча

Кербен — Ала-Бука жолунда турган өзбек аскерлеринин саны азайды
Өкмөт өкүлү: Өзбекстан тарапты чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечкенге чакырабыз
Белгилер:
Ала-Бука району, Аксы, ЖККУ, чыңалуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ