Кулаган Boeing учагына байланыштуу Сариев Медведевге көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, кайрат кылууга чакырды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведевге Ростов-на-Дону аэпортунда кулап түшкөн учакка байланыштуу көңүл айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып кулап, 55 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү каза болгон. 

"Ростов-на-Донудагы жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көптөгөн адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым", — деп айтылат өкмөт башчынын көңүл айтуусунда.

Сариев КР өкмөтүнүн жана жеке өзүнүн атынан авиакырсыкта каза болгондордун жакындарына жана тууган-туушкандарына көңүл айтып коюуну өтүнгөн.

чак кулап түшкөн жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт баянынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0