Ростов-на-Дону шаарында кулап түшкөн учакка байланыштуу Атамбаев Путинге көңүл айтты

Жазылуу
Бишкек убактысы боюнча бүгүн саат 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып, кулап түшкөн.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Россиянын Ростов-на-Дону шаарында учактын кыйрашына байланыштуу РФ президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Элчилик: Анкарадагы жарылуудан каза болгондордун тизмесинде кыргызстандыктар жок
Белгилей кетсек, 19-мартта Бишкек убактысы боюнча 6.40тар чамасында Дубайдан Ростов-на Дону шаарына учуп келген Fly Dubai компаниясына таандык Boeing 737-800 учагы конуп жатып, кулап түшкөн.

Анын ичиндеги бардык жүргүнчүлөрдүн каза болгону маалымдалууда. Учакта 61 киши болгон.

Мамлекет башчысы бул каргашада курман болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен кайрат айткан сөздөрүн жолдоду. 

Учак кулап түшкөн жерден тартылган кадрларды Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин сүрөт баянынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0