Эсеп палатасын төрагалыгына Улукбек Марипов барды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧиновниктин жумуш орду. Архив
Чиновниктин жумуш орду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марипов буга чейин президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагалыгына Улукбек Марипов дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. 

Белгилей кетсек, Марипов Жогорку Кеңеш тарабынан Эсеп палатасынын аудитор кызматына шайланган болчу. Ал президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеп келген, бирок башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бул кызматтан кеткен. 

Эсеп палатасынын мурдагы жетекчиси Элмира Ибраимова өз каалоосу менен кеткенден кийин анын орду бош калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0