Сариев чек ара коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү

Жазылуу
Өкмөт башчы өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органда өз милдетин так аткарышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкө чек араларын бекемдөө чаралары боюнча жыйын өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан Кыргызстан менен болгон чек арага зооттолгон транспортту жайгаштырууда
Ага укук коргоо органдарынын, Мамлекеттик Чек ара кызматынын, Коргоо кеңешинин жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Сариев өлкөнүн чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылуу жана бекемдөө боюнча тиешелүү органда өз милдетин так аткарышы керектигин белгиледи.

Премьер-министр тиешелүү органдарга чек арага жакын аймактарда жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0