Жогорку Кеңештин спикеринин орун басарлыгына Алтынай Өмүрбекова шайланды

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланган Алтынай Өмүрбекова. Архив
Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланган Алтынай Өмүрбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы вице-спикер айым атаандашынан 31ге көп добуш алды.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикерлигине 72 добуш менен "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Алтынай Өмүрбекова шайланды.

Фонд башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун жамаатына Кулматовду тааныштырды
Буга чейин ЖКнын Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети төраганын орун басарлыгына эки талапкерди жактырган. Бири "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Алтынай Өмүрбекова, экинчиси "Бир Бол" фракциясынан Чолпон Жакупова эле.

Добуш берүү жашыруун түрдө жүрүп, Өмүрбекова 72, ал эми Жакупова 41 добуш алды.

Буга чейин төраганын орун басары Бакыт Есенбаева өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырып берген. Ал Улуттук энергохолдингдин төрага орун басарлыгына дайындалган. 



 

Жаңылыктар түрмөгү
0