Мелис Турганбаев: мурда соттолгон кишилер милицияга кирип кеткенин аныктап жатабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Мелис Турганбаев. Архив
Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев мурда соттолуп кеткен кишилер 300-400 доллар менен "соттолгон эмес" деген документтерди алып мамлекеттик кызматка келип жатканын айтып, өкмөт башчы Темир Сариевден чараларды көрүүнү суранды.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Ички иштер министри Мелис Турганбаев мурда соттолгон кишилер укук коргоо органдарына пара берип кирген фактылар аныкталып жатканын Жогорку Кеӊештин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында депутат Канат Исаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди. 

Учурда өкмөт башчысы 2016-жылы Кыргызстандын социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча маалымат берүүдө.

Милиция кызматкеринин фуражкасы жана кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыздарга тийишкен мас "милиционер" кармалды
Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев мурда соттолгон кишилер 300-400 доллар менен "соттолгон эмес" деген документтерди алып, мамлекеттик кызматка келип жатканын айтып, буга карата Темир Сариевден чараларды көрүүнү суранды.

Өкмөт башчы мамлекеттин коопсуздугу биринчи орунда туруш керектигин айтып, далилдүү фактылар болсо кат түрүндө кайрылууну суранды.

Ал эми ички иштер министри Мелис Турганбаев милицияда мурда соттолгон кишилер иштеп жаткан фактылар бар экенин айтып, аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

"Мындай адамдар тууралуу маалыматтар компьютерге киргизилген. Учурда аларды аныктоо боюнча аракеттер көрүлүүдө. Жыл аягына чейин алардын кимдер экенин аныктап чыгабыз", — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев далилдүү фактыларды бере турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0