ШКУ өлкөлөрү Кыргызстанда биргелешкен аскердик машыгууларды талкуулайт

© Sputnik / Ольга Балашова / Медиабанкка өтүүШКУ мамлекеттеринин желеги. Архив
ШКУ мамлекеттеринин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сүйлөшүүгө ШКУ уюмуна мүчө мамлекеттердин баары катышууда.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик даярдык борборунда Шанхай кызматташтык уюмунун "Тынчтык миссиясы – 2016" аттуу терроризмге каршы биргелешкен машыгууларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча сүйлөшүүлөр өтө турганын Башкы штаб билдирди.

Президент түзүм жетекчилери менен Куралдуу Күчтөрдү өнүктүрүүнү талкуулады
Жолугушуу 15-17-март күндөрү Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Тажикстандын катышуусу менен өтөт.

ШКУга Россия, Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. Ал эми байкоочу статусуна Белоруссия, Монголия, Индия, Иран, Пакистан жана Афганистан мамлекеттери ээ. 2015-жылдын июль айында уюм катарына Индия менен Пакистанды кабыл алуу боюнча процедурасы башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0