Кыргызстанда Россиянын жаңы соода өкүлү дайындалды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПортфель. Архив
Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку соода өкүл Владимир Некрасов башка жумушка кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулган.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы Россиянын соода өкүлү болуп Валерий Латыпов дайындалды. Жарлыкка Россиянын өкмөт башычысы Дмитрий Медведев кол койду.

Мурунку соода өкүл Владимир Некрасов башка жумушка кеткендигине байланыштуу кызматынан бошотулган. 

Соода өкүлчүлүк эки өлкө ортосундагы 1992-жылдын 8-октябрындагы макулдашуулардан улам ачылган. Ал Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүн негизги бөлүктөрүнүн бири болуп саналат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0