Миллионер болбосоң эс ал! Президенттикке талапкер болууга миллион керекпи?

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдо отурган аткаминер. Архив
Столдо отурган аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго чейин көтөрүү демилгесине оппозиция, президенттикке талапкер болчулар жана жөнөкөй студенттер кандай пикирде экендигин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги билип көрдү.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Президенттикке талапкер болчулардын шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго көтөрүү демилгеси сунушталып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгечилердин бири Дастан Бекешов билдирди.

Анын айтымында, шайлоо мыйзамдарын карап чыгуу боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Ал топко ар бир фракциядан экиден депутат кирип, бейөкмөт уюмдар менен биргеликте ушул демилгени сунуштап жатат. Мыйзам долбоорунда бул сунуштан сырткары партиялык тизмекти түзүү, Жогорку Кеңештин конституциялык мөөнөтү жана башка маселелер каралган. 

"Учурда иштеп жаткан мыйзамда президенттик күрөө 100 миң сом деп каралган. Бул президенттик шайлоонун деңгээли эмес да. Шайлоого барган талапкерлерге мамлекет тараптан акысыз эфирлер, иш бөлмөлөр берилип, өлкө казынасына зыян келет. Ошондуктан күрөөнү көтөрүп жатабыз. Мындан сырткары, баарыбызга маалым болгондой мурунку президенттик шайлоодо 86 талапкер болгон. Биз күрөөнү миллион сом кылган күндө деле 50 талапкер чыгарын так айта алам", — дейт депутат.

Бекешовдун айтымында, үгүт иштери, жарнама, штабдардын ачылышы менен шайлоонун өзү чоң каражатты талап кылат.

"Муну талапкерлерге бут тосуу деши мүмкүн, андай эмес. Эгерде 5-10 миллион сом десек ошондо чектөө болмок. 100 миң сом өтө эле аз экенин талапкер болчулардын баары түшүнүп турат", — дейт эл өкүлү.

Буга чейин бир канча ирет президенттикке талапкер болуп келген Токтайым Үмөталиева бул демилге адам укугун чектейт деп эсептейт.

"Конституция боюнча ар бир жарандын шайлоого катышууга укугу бар. Бул демилге акчалууларга мүмкүнчүлүк түзүп, илими бар бирок, колунда жокторго жол жаап жатат", — дейт Үмөталиева.

Коомдук ишмер, оппозиционер Өмүрбек Суваналиев бул демилгеге терс пикирде.

Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Бирдиктүү оппозициялык күч" кыймылы түзүлдү
"Президенттик жана парламенттик шайлоо күрөөлөрүн көтөрүү жергиликтүү тың чыккан жаштарга, абройлуу талапкерлерге бут тосуу болуп саналат. Парламенттик шайлоого көпчүлүк жаш партиялар күрөөнүн айынан катыша албай калды. Алар тажрыйба топтошмок. Бүгүнкү күндө атка минерлер бийликке капчыктуулар келет деген саясатты жүргүзүп жатышат. Мамлекеттик кызматкер, мугалим, доктурларда маяна төмөн, демек шайлоого жалаң гана бизнесмендер, шылуундар катышуусу керекпи? Бүгүнкү күндө таза бизнес жокко эсе", — дейт Суваналиев.

Анын айтымында, талапкерлердин күчтүүсүн эл өзү электен өткөрүп алат.

БШКнын мурунку төрагасы Акылбек Сариев бул демилге талапкерлерди азайтуу ыкмасы деген ойдо.

"Баарын эле акчага буруп жатканы менимче туура эмес. Каражат тапкандар гана президент болот деген сөздүн өзү ката", — дейт Сариев.

Ал кошумчалагандай коомчулук бул сунушту колдобойт.

"Прогресс" фондусунун жетекчиси Адиль Турдукулов миллион сом таба албаган адам президент болуусу туура эмес деп эсептейт.

"Бул суроо түздөн-түз конституциялык реформа менен байланыштуу. Эгерде бийлик пландагандай күзүндө референдум өткөрүлүп, президенттин укуктары чектелсе, күрөөнү көтөрүүнүн кереги жок", — дейт Турдукулов.

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов демилгени колдойт.

"Бул сунуш президенттик шайлоого байланыштуу маселе. Күрөөнүн суммасы көп, же аз болсо да нааразы болгондор сөзсүз чыгат. Өткөн шайлоодо 86 талапкер болгонун баарыбыз билебиз. Мыйзам долбоордун максаты жөн жерден эле талапкер болгондорду тыюу болсо керек. Жеке пикиримде миллион деген сунуш туура", — дейт Өмүркулов.

Президент Атамбаевди Москвада кучак жайып тосуп алышты
Эл өкүлүнүн айтымында, президенттикке талапкерлер шайлоо алдындагы жарнактарга, үгүт иштерине, өлкөнү кыдырууга жана активисттерине айлык берүүгө көп акча керектейт. Ошондуктан каражатсыз шайлоого аттанууга мүмкүн эмес.

2011-жылы президенттикке аттанып, 4-орун алган Темирбек Асанбековдун айтымында, шайлоо өнөктүгүнө талапкерлер ансыз деле көп каражат жумшайт. 

"Президенттик шайлоо бул жоопкерчиликтүү милдет. Каалоочунун баары эле катыша бербей шайлоонун эрежеси иреттелиш керек. Финансы жагы өзүнүн чеги менен 100 миң сом болсо, көп нааразычылыктар болбойт", — дейт Асанбеков.

"Дордой" базарында сатуучу болуп иштеген Бактыяр Кубанычбеков президент болгон адам элге иштеп берсе болду деген ойду карманат.

"Учурда базарда соода жок. Президент болом деген адам элге иштеп берсе болду. Болбосо карапайым калкка эле оор болот. Акылдуу адам миллион сомду кыйналбай эле табат", — дейт соодагер.

Кыргыз-орус славян университетинин 3-курсунун студенти Мариям Мамытова адамдын акчасына эмес, билимине кароо керек деген пикирде.

"Эл башчысы болгон адамдын акчасына эмес, билимине карап тандасак туура болот. Тажрыйбасы көп адам гана мамлекетти башкара алат", — дейт ал.

Азыркы мыйзам боюнча президенттикке талапкер шайлоо фондун түзүп, күрөөгө 100 миң сом төгүүсү керек. Мындан сырткары, кыргыз тил сынагынан өтүп, өзүнүн талапкерлигин колдогон 30 миң колтамга тапшырууга тийиш.

Акыркы жолу Кыргызстанда 2011-жылдын 30-октябрында президенттик шайлоо өтүп, анда БШКга 86 талапкер документ тапшырган: алардын 18и саясий партия өкүлдөрү, 68и өзүн өзү сунуштаган. Алардын арасында алты аял болгон. Ал шайлоодо көпчүлүктүн добушу менен Алмазбек Атамбаев 6 жылдык мөөнөткө Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Эмки шайлоо 2017-жылдын аягында өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0