Жергиликтүү кеңеш депутаттарын 264 миңден ашуун киши шайлайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматы жергиликтүү кеңеш шайлоолору биометрикалык маалыматтын негизинде өтөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жергиликтүү кеңеш депутаттарын 264 миңден ашуун адам шайлай турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 27-март күнү республиканын 22 айыл аймак жана алты шаарынын жергиликтүү кеңеши шайланат.

"Шайлоочулардын так саны 12-март күнү белгилүү болот. Шайлоо өлкөнүн 199 участогунда өтөт. Баарынан көп шайлоочу Ош, Каракол жана Токмок шаарларына туура келүүдө", — деп айтылат билдирүүдө. 

Каттоо кызматы жергиликтүү кеңеш шайлоолору биометрикалык маалыматтын негизинде өтөрүн белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0