16:37 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив

Вице-премьер Кудайбердиева Женевада Пан Ги Мун менен жолукту

© Sputnik / Сергей Гунеев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
44 0 0

Швейцарияда БУУ Кеңешинин адам укугу боюнча өтүп жаткан 31-сессиясынын ишине кыргызстандык делегация катышты.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева Женева шаарында БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугуп, бир катар маселелерди талкуулаганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, Кудайбердиева башында турган кыргыз делегациясы Швейцарияда БУУ Кеңешинин адам укугу боюнча өтүп жаткан 31-сессиясынын ишине катышты.

Жолугушуу маалында вице-премьер менен Башкы катчы адам укугу боюнча дүйнөдө түзүлгөн тенденциялар менен бирге БУУнун бул жааттагы ишмердүүлүгү жана Кыргызстандагы адам укугун өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин жыйынтыгын талкуулашты.

Пан Ги Мун былтыркы жылдын июнь айында Кыргызстанга, анын ичинен Ош шаарына болгон иш сапарын жылуу маанайда эскерип, өлкөнүн демократиялык жолдогу багытына оң баа берди.

Мындан тышкары, жолугушууда кыргызстандык делегациянын быйылкы жылга пландаштырылган эл аралык иш-чараларга катышуусу боюнча маселе каралды. 

Тема боюнча

Кыргызстан биринчи ирет БУУ Кеңешинин сессиясына катышууда
Белгилер:
делегация, адам укугу, сессия, БУУ, Пан Ги Мун, Женева

ЭҢ МААНИЛҮҮ