Кыргызстан биринчи ирет БУУ Кеңешинин сессиясына катышууда

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүНью-Йорк шаарындагы БУУ Кеңешинин имараты. Архив
Нью-Йорк шаарындагы БУУ Кеңешинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку даражадагы жыйынга кыргызстандык делегацияны вице-премьер жетектеп барды.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева башында турган кыргызстандык делегация Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУ Кеңешинин адам укугу боюнча 31-сессиясына катышып жатканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чиновниктин портфели. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРдин Женева жана Нью-Йорк шаарларындагы БУУ өкүлдөрү дайындалды
Аталган иш-чарага Кыргызстан Кеңештин мүчөсү катары биринчи ирет катышып жатат. Ага республика БУУнун Башкы ассамблеясынын 70-сессиясында кабыл алынган.

Жыйын Кеңештин 10 жылдыгына, жарандык жана саясий укук боюнча эл аралык пакт менен экономикалык, социалдык жана маданий укуктардын эл аралык пактысынын кабыл алынышынын 50 жылдыгына арналууда.

Сессиянын жүрүшүндө адам укугу жаатындагы маанилүү маселелер ортого салынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0