АКШ элчилиги Кыргызстан менен жаңы макулдашуу боюнча түшүндүрмө берди

© Sputnik / Эркин АлымбековКыргызстан жана АКШ желектери. Архив
Кыргызстан жана АКШ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы премьер-министр Темир Сариев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл аларын жар салып, жолугушууда кандай маселелер талкуулана тургандыгы ачыкка чыккан эмес.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстан эки тарапты кызыктырган суроолор боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп жатканын АКШ элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Гуолтни Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун кабыл алуусунда болуп, Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу жаатында өкмөттөр аралык иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген. Ал эми кыргыз өкмөтү жаңы макулдашуу түзүү боюнча эч кандай маалымат жок экенин маалымдаган. 

"Биз кыргыз өкмөтүнүн эки тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында иштешүүгө даярдыгын жогору баалайбыз. Ишеничтин, теңдиктин жана өз ара урматтоонун негизинде мамилени жакшыртуунун жолдорун табууга умтулабыз", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы премьер-министр Темир Сариев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл аларын жар салып, жолугушууда кандай маселелер талкуулана тургандыгы ачыкка чыккан эмес.

АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ Борбордук Азия өлкөлөрүнө россиялык агрессияга каршылык көрсөтүүсү үчүн акча бөлөт
Кыргызстан 2015-жылдын августунда АКШ менен кызматташуу боюнча макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган. Буга өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровго Американын мамлекеттик департаменти "адам укугу жаатында жасаган эмгектери" үчүн сыйлык тапшыруусу себеп болгон.

Өткөн жылдын соңунда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев денонсация АКШ менен жаңы мамилени түзүүгө алып келгенин жарыялаган. Анын айтымында америкалык тараптын аракети менен эки тараптуу мамилелерди турукташтырууга шарт түзүлгөн. ТИМ башчысы Кыргызстан тигил же бул маселе боюнча өз пикирин так жана айкын билдире баштагандыктан мамилелер оң нукка бурулуп бара жатканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0