Оштун мэри өлкө президентине шаардын өнүгүү планы боюнча айтып берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтмамат Кадырбаев өлкө башчысына курулуп жаткан жолдор, көпүрөлөр жана суу менен камсыздоо тууралуу айтып берди.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевди кабыл алганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Ош мэри өлкө башчыга шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү динамикасы боюнча маалымат берди. Анын ичинде курулуп жаткан жолдор, көпүрөлөр жана суу менен камсыздоо бар.

Өз кезегинде президент акыркы жылдары Оштун инфраструктурасындагы негизги көйгөлөр чечилип жатканын белгилеп, шаар тургундары үчүн шарт түзүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0