Вице-спикерлик кызмат боюнча оппозициялык эки фракция сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат

Жазылуу
"Бир Бол" менен "Республика – Ата-Журт" фракциялары вице-спикерлик кызмат боюнча жакынкы күндөрү бир тыянакка келишет. "Республика – Ата-Журт" бул кызматка Алтынай Өмүрбекованы сунуштады.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматы боюнча оппозициялык эки фракция сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутат Руслан Казакбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бир Бол" фракциясынан депутаттыкка шайланып, вице-спикерлик милдетти аркалап келген Бакыт Эсенбаева мандатынан өз ыктыяры менен баш тарткан.

Казакбаевдин айтымында, "Республика — Ата-Журт" фракциясы Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин көрсөтүүгө ниеттенүүдө.

"Биздин фракция өткөн аптада жыйын өткөрүп, гендердик теңдикти эске алуу менен аял затынын өкүлүн чыгарууну чечтик. Ошондуктан мурда Бишкек шаарынын вице-мэри болуп иштеген, тажрыйбасы көп Алтынай Өмүрбекованын талапкерлигин сунуштап жатабыз", — деди Казакбаев.

Портфель. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Депутаттыктан кеткен Есенбаеванын ордун ИИМдин экс-жетекчиси Субанбеков ээледи
Ал кабарлагандай оппозициялык эки фракция — "Бир Бол" менен "Республика – Ата-Журттун" ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азырынча эч кандай жыйынтык жок. Балким эки партиянын атынан бир талапкер сунушталып калышы толук мүмкүн. 

Айрым маалыматтар боюнча "Бир Бол" фракциясы вице-спикерликке Чолпон Жакупованы сунушташы күтүлүүдө. 

Чолпон Жакупова бул маалымат боюнча Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кабардар экенин айтты.

"Ооз эки түрүндө сунуштар айтылып жатат. Бирок бирдиктүү чечим чыга элек. Балким бүгүн чыгып калышы мүмкүн", — деди Жакупова.

Аталган эки фракция жакынкы күндөрү бир тыянакка келиши күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0