Мэрдин милдетин Айгүл Рыскулова аткармай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековВице-мэр Айгуль Рыскулова. Архив
Вице-мэр Айгуль Рыскулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жаңы мэр шайлангыча шаар башчысынын милдетин Кулматов өзү аткарып турары айтылган.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин милдетин Айгүл Рыскулова аткара турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулматовдун отставкасын соцтармак кандай кабыл алды?
Ал аталган кызматта жаңы шаар башчысы шайлангыча иштейт.

Буга чейин Кубанычбек Кулматов өз ыктыяры менен кызматынан кетип жатканы айтылган. Мэриянын маалымат кызматы мурунку мэр башка жумушка өтүп жатканына байланыштуу иштен кетип жатканын билдирген. Муну менен бирге жаңы мэр шайлангыча шаар башчысынын милдетин Кулматов өзү аткарып турары маалымдалган.

Шейшемби күнү премьер-министр Темир Сариев Кулматовдун арызына кол койду.

Ал шаар муниципалитетин жетектөөгө 2014-жылдын 15-январында шайланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0