Жанар Акаев жана Аскар Шадиев Барак Обама менен тамактанышат

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүАКШнын президенти Барак Обама. Архив
АКШнын президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка президентинин салттуу тамак берүүсү 3-февралга белгиленген.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Аскарбек Шадиев АКШ Конгресси тарабынан президент Барак Обаманын салттуу эртең мененки тамагына чакырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине парламенттин аппаратынан билдиришти.

Журналисттер пресс-конфереция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын Маалыматтык саясат концепциясын иштеп чыга тургандар аныкталды
Обама жыл сайын дүйнөнүн чар тарабындагы эл өкүлдөрү үчүн дасторкон жаят. Быйылкы иш-чара 3-февралга белгиленген.

Жогорку Кеңештен Акаев (КСДП фракциясы) АКШга парламенттеги көпчүлүк коалициясынын, ал эми Шадиев ("Бир Бол") оппозиция өкүлү катары жөнөтүлүүдө.

Акаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына бул маалыматты тастыктап, жакын арада Америкага уча турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0