Президент Улуттук маданиятты өнүктүрүү боюнча түзүлгөн кеңешти жетектемей болду

Жазылуу
Жаңы түзүлгөн кеңеш маморгандар менен жарандардын маданият жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенишүүсүн камсыздайт.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү боюнча Кеңеш түзүү тууралуу буйрукка кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Шайлоо учурунда добуш берип жаткан жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жергиликтүү кеңешке шайлоо 27-мартка белгиленди
Президент өзү жетектей турган Кеңеш мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулук институтунун кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо, маданият багытындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн эксперттерди, коомчулукту жана чыгармачыл интеллигенцияны тартуу боюнча иш алып барат.

Кеңештин негизги максаты — улуттук маданиятты сактоо жана өнүктүрүү үчүн сунуштарды жана 2013-2017-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын жоболорун иштеп чыгуу.

Кеңеш курамына чыгармачыл интеллигенция, коомчулук, мамлекеттик органдар жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0