Беш өрдөк: КСДПнын "кара тизмесине" кирген Момбеков, 5 адамды "атай албаган" Шыкмаматов

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Депутат Рыскелди Момбеков КСДПнын "кара тизмесине" кирип, мандатынан айрылабы? 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болгон Рыскелди Момбековдун Азия news гезитинин 21-январда чыккан санына берген интервьюсу чыкты. 

Анда "өткөн шайлоодо добуштарды арак менен акчага сатып алдык деген кепти кызуу кандуулукка алдырып айтып алган жоксузбу?", деген журналисттин суроосуна: 

"Ал айтылган сөз менин жеке пикирим болгондуктан, ага керт башым менен жооп берем. Шамалсыз чөптүн башы кыймылдамак беле, негиз болгон үчүн айттым да. Туура, ошондогу сөзүмдөн кийин жанымдагы эле кесиптештеримдин бир даарысы "Рыскелди, "кара тизмеге" кирип калдың го, жакында мандатыңдан ажырап, жогору жактан кагуу жеп калбасаң болду" дешсе болобу", — деп билдирген. 

Көптөрдүн көңүлүн түпөйүл кылган кара тизме туурасында аталган фракциянын өкүлдөрүнө кайрылдык. 

КСДПчы Төрөбай Зулпукаров Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине фракция ичинде "кара тизме" деген нерсе жок экенин билдирди.

"Мен ар качан өз пикиримди эч кимден коркпостон эле айтып келем. Анткени, бийликтин мыйзам чыгаруучу бутагында отурсак, андан да чоң кайсы бутак болушу мүмкүн? Кимден коркмок элек? "Кара тизме" деген нерсени укпаптырмын, аны Момбековдун өзүнөн сураш керек. Ал эми шайлоодо биздин партия эч кимге бир да сом берген эмес", — деп жооп узатты. 

Бүйүрдү кызыткан беш компания. Шыкмаматовду шынаарлаган кептер

Dе-Факто гезитинин жаңы санында Алмамбет Шыкмаматов унааларды сөзсүз камсыздандыруу компанияларынын аркасында кимдер турганын айта албай койгонун жазып чыкты. 

"Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов унааларды сөзсүз камсыздандыруу боюнча мыйзамга каршы чыгып жатат. Анын айтымында, бул мыйзам элдин чөнтөгүн кагып, канын сорот. Түшкөн эки миллиард сом жеке компаниялардын пайдасына кетээрин дагы айтып чыкты. Депутаттын мындай айткан пикирлери албетте жакшы, бирок жеке беш компаниянын аркасында турган беш адамды атай албай койду. Мүмкүн, алардын аркасында депутат министрлер турат чыгар?", — деп жазган. 

Бул боюнча Sputnik Кыргызстан "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматовдун өзүнө кайрылганда, ал коркконунан эмес, билбегендигинен улам атай албастыгын айтты.

"Мен ал компаниялардын аркасында ким турганын билбейм. Коркконумдан айтпай жаткан жерим жок. Аны тийиштүү органдар иликтөөгө алуулары керек", — деди Шыкмаматов. 

Депутат компаниялардын аркасында ким турбасын алар элдин эсебинен пайда тапкылары келип жаткандыктарын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0