Парламентте чукуша кеткен Саматов менен Бабанов "эркекче" иш кылмай болду

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Өмүрбек Бабанов. Архив
Депутат Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин бүгүнкү жыйынында "Республика — Ата-Журт" партиясынан шайланып келген эл өкүлдөрү өз ара нааразычылыктарын кайрадан эл алдына алып чыгышты.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Парламенттеги бүгүнкү жыйын учурунда депутат Жыргалбек Саматов "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун буга чейинки ишмердүүлүктөрүн текшерүү боюнча башкы прокуратурага кайрылууну төрагадан суранды.

"Бабановдун буга чейинки ишмердүүлүгүн текшерүүгө мезгил келип жетти. Мен төрагалык кылуучудан анын буга чейинки таржымалын текшерүү боюнча башкы прокуратурага протоколдук тапшырма берүүңүздү суранат элем",— деди ал.

Беш өрдөк: Сариевди ээрден шыпырчу Карашев, Жээнбековго тай карыз болгон Турсунбеков
Саматов өлкөдөгү телеканалдардын бири аркылуу Бабанов тарабынан аны жаманатты кылган сюжеттер улам көрсөтүлүп жатат деген нааразылыгын кошумчалады.

Жыйын учурунда ага жооп берген Бабанов прокуратуранын текшерүүсүнө партиянын да, өзүнүн да каршылыгы жок экендигин айтты.

Ал эми жарандык маселеси боюнча "эркекче сүйлөшүп алууну" сунуштады.

"Эркекче сөз берели. Экөөбүз Россиянын жана Казакстандын элчиликтеринен жарандыгыбыз бар-жогун билүү үчүн арыз жазалы. Жаран болуп чыксак, мандатыбызды тапшыралы, эгер жок деген жооп келсе депутат болуп отура беребиз",— деди Бабанов.

Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Жаңы эле ант берген Саматовду "Республика — Ата-Журт" фракция курамынан чыгарып салды
Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партиядан шайланып келген Саматовду Россиянын жараны деген жүйө менен депутат катары каттабай койгон. Депутаттыкка талапкер сотко кайрылып, анын чечими менен БШКнын аракети мыйзамсыз деп табылган. 

Өткөн жылдын 7-декабрында БШК соттун чечимин орундатып, Саматовго мандат берген. Бирок бир жумадан кийин анын кош жарандуулугу боюнча Федералдык миграциялык кызматтын катын тастыктоо зарылдыгына таянуу менен мандатынан ажыраткан. Анда Саматов ант берүүгө үлгүргөн эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 11-январында ал эл өкүлү ант берип, БШК соттун чечиминин негизинде Саматовго депутаттын төш белгисин тапшырган. Бирок, депутат болуп келген Саматовду "Республика — Ата-Журт" фракциясы өзүнүн катарынан чыгарып салган.

Азыр Саматов — ЖКдагы фракцияга кирбей ишмердүүлүгүн улантып жаткан жалгыз депутат.

Жаңылыктар түрмөгү
0