06:53 03 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Бешимов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп келген.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Аскар Бешимов Кыргызстандын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү Жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койду.

Бешимовго чейин бул кызматты Дүйшөнкул Чотонов ээлеп келген. Ал иштөө мөөнөтү аяктаганына байланыштуу өткөн жылдын июль айында президенттин Жарлыгы менен кызматтан бошотулган. 

Кыргызстандын Кореядагы элчиликти убактылуу Мелис Мамадалиев жетектеп келген. 

Тема боюнча

Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчиликтери сүрөттө
Белгилер:
Корея, Кыргызстан, элчи

ЭҢ МААНИЛҮҮ