Жогорку Кеңештин делегациясы Эр-Риядда Сауд Аравиясынын Королу менен жолукту

© пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолукту. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолукту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага Жээнбеков менен Король Салман бин Абдельазиз Аль Сауд эки тараптуу мамилелерди талкуулап, мындан аркы кызматташуунун мүнөзүн макулдашты.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолукканын парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

"Эр-Рияд шаарында өткөн жолугушууда Жээнбеков эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүн канааттануу менен белгиледи. Тараптар кыргыз-сауд кызматташуусунун келечегин талкуулап, аларды ар тараптуу өнүктүрүүнү макулдашты", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Төрага Жээнбеков баштаган кыргыз делегациясынын 17-январда башталган Сауд Аравиясына иш сапары 21-январга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0