Сот: БШК Эсенаманова менен Жумалиеваны мандаттан мыйзамсыз ажыраткан

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ээрден шыпырыла жаздаган эл өкүлдөрү БШК аларды кызматынан мөөнөтүнө эрте бошоткондугуна каршы доо арыз менен сотко кайрылган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова депутаттык мандаттан мыйзамсыз ажыратылган деген чечим чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январь күнү "Кыргызстан" партиясынын сунушу менен эки депутаттары мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алган.

Депутат Жыргалбек Саматов - Sputnik Кыргызстан
Жаңы эле ант берген Саматовду "Республика — Ата-Журт" фракция курамынан чыгарып салды
Жумалиева менен Эсенаманова депутаттык кызматтан кетүү боюнча эч кандай арыз жазбагандыктарын айтышкан.

Жума күнү соттун отурумунда судья Алмаз Калыбаев БШКнын аталган чечими жокко чыгарылары тууралуу чечим чыгарды. Мындан тышкары, сот комиссия Жумалиева менен Эсенаманованын мандаттарын эки жаңы депутатка мыйзамсыз бергендигин белгиледи.

БШК үч күндүн ичинде Бишкек шаардык сотко кайрылууга укуктуу.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Рашид Бекбасаров аларга Биринчи Май райондук сотунун чечими келе электигин, андыктан эч кандай комментарий бере албастыгын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0