15:50 19 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.1779
  • EUR79.2295
  • RUB1.0839
Премьер-министр Темир Сариев Пакистандын Энергетика жана суу ресурсу боюнча федералдык министри Хожа Мухаммад Осифти кабыл алуу учурунда.

Сариев Пакистандын министри менен CASA-1000 долбоорун ишке ашырууну талкуулады

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)
45 0 0

Пакистан Кыргызстан менен көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин Энергетика жана суу ресурс федералдык министри билдирди.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Пакистандын Энергетика жана суу ресурсу боюнча федералдык министри Хожа Мухаммад Осифти кабыл алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык тармактагы кызматташтык жетишсиз экенин белгилеп, аны өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Сариев ошондой эле, энергетика жаатындагы CASA-1000 долбоору абдан керектүү жана пайдалуу экенин белгилеп, аны ишке ашыруу боюнча Кыргызстан кызыкдар экенин жана бардык милдеттемелерди аткарып жатканын билдирди.

Пакистандын Энергетика жана суу ресурс федералдык министри Хожа Мухаммад Осиф өз өлкөсүнүн Кыргызстан менен көп тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдардыгын энергетика жаатында кызматташтыкты чыңдоого мүмкүнчүлүктөр ачылаарын кошумчалады.

Тема:
CASA-1000 долбоорунун курулушу (12)

Тема боюнча

Темир Сариев жарандардын демилгелери өкмөт тарабынан колдоого алынарын айтты
Сариев: жергиликтүү бийлик көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылбайт
Белгилер:
энергетика, Темир Сариев, Пакистан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ