Премьер Кыргызстан Кытай менен үч багытта кызматташууга кызыкдар экенин айтты

Жазылуу
КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй кытай тарап алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн бардык аракетти жумшап, көмөк көрсөтөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстан Кытай менен үч негизги багытта кызматташууга даяр экенин премьер-министр Темир Сариев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй менен болгон жолугушуусу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

"Кыргызстан – Кытай" темир жолун курууга аракеттер көрүлүүдө
Сариевдин айтымында, аталган үч багыт: Кытай – Кыргызстан темир жолун куруу, Ысык-Көл айланма жолун куруу жана Кытайдын ашыкча өндүрүштүк кубатттуулугун Кыргызстанга ташуу.

Өкмөт башчынын Кытайга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча, Экономика министрлигине кыска мөөнөт ичинде кытай тарапка Кыргызстанга зарыл болгон өндүрүштүк кубаттуулуктардын тизмесин экономикалык эсептөөлөрү менен бирге жөнөтүү тапшырылган.

Өз кезегинде Кытай тарап Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй аталган аталган өлкөнүн алдыга коюлган пландарды ишке ашыруу үчүн бардык аракетти жумшап, көмөк көрсөтөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0