Сариев: жергиликтүү бийлик көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылбайт

Жазылуу
Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын апрель айында Жумгалга дагы бир ирет келип тапшырган иштердин жыйынтыгын текшере турганын белгиледи.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жергиликтүү бийлик органдары жер-жердеги көйгөйлөрдүн маңызын жеткире билбейт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев Жумгалга болгон иш сапарынын алкагында мамлекеттик орган өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында билдирди.

Анын айтымында, өкмөт калктын ишенимин актап, кыска мөөнөттө алардын көйгөйүн чечүү керек.

"Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этнос аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик 1-февралга дейре Миң-Куш айылындагы уулуу калдыктар сакталуучу жайдын жанында жашап жаткан адамдардын тизмесин берүүсү тийиш. Көчүрүлүүчү тургундар үчүн курулчу көп кабаттуу үйдүн орду аныкталуусу керек. Ыйгарым укуктуу өкүлгө Жумгал районун өнүктүрүү программасын иштеп чыгууну тапшырам. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көптөгөн маселелерди жеринде чече алат, бирок аракет жасашпайт", — деди Сариев. 

Мындан тышкары, жыйын жүрүшүндө премьер-министр Кочкор жана Чаек айылдарынын ортосундагы жолду оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

"Транспорт жана коммуникация министрлиги жолду оңдоодон өткөрүүсү тийиш. Ал үчүн ресурстар жетиштүү. Тургундар жолдун начардыгынан кыйналбашы керек. Апрелде мен Жумгал районуна кайрадан келип, жолдун оңдолгонун көзөмөлгө алам", — деди ал.

Ошондой эле өкмөт башчы айылдык тургундарга күнөсканаларды жана мал союучу жайларды куруу үчүн күрөөсүз насыя берүү максатында "Айыл банкка" атайы программа иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0