Сариев ишин жөндөй албаган аймак жетекчилердин кызматтан кетүүсүн талап кылды

Жазылуу
Өкмөт башчы экономиканын учурдагы кармап турууда аймактардын ролу чоң экенин белгиледи.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандын ИДПсы 3,6 пайызды түзүп, инфляциянын деңгээли 2,5 пайызга жетти. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери жана шаар мэрлеринин катышуусу менен өткөн жыйында билдирди.

Өкмөт башчы экономиканы ушул деңгээлде сактоо жана социалдык милдеттерди аткаруу үчүн аракет көрүү зарылдыгын белгилеп, бул иште аймактардын ролу чоң экенин айтты.

"Өкмөттүн бардык милдеттерин аткарыш үчүн жергиликтүү бийлик органдары активдүү жана мезгил талаптарына жооп бергендей иштеши керек. Элдин бийликке болгон ишенимин арттырып, бардык жарандардын бакубат, коопсуздукта жашашына шарт түзүү зарыл. Бул биздин негизги милдетибиз", — деди премьер-министр.

Сариев быйылкы жылы бюджетти түзүүдө реалдуу секторго, өнүгүүгө басым жасалганын, бул багытта жаңы ишканаларды ачуу менен калкты жумуш менен камсыз кылуу багытында ишти күчөтүү зарылдыгын белгиледи. 

"Учурда акимдердин жетиштүү деңгээлде ыйгарым укуктары бар. Эгер кимде-ким өз ишин жөндөй албаса, өз арызы менен кызматын өткөрүшү керек", — деди өкмөт башчы.

Премьер-министр учурда дүйнөдөгү коопсуздук маселелери курч турганын жана бул маселеге жергиликтүү бийлик органдары өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0