Атамбаев президенттикке да, премьер-министрликке да барбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев пресс-конференцияда.
Президент Алмазбек Атамбаев пресс-конференцияда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 2017-жылы президенттик шайлоо өтөт.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Мен мындан ары президент да, премьер-министр да болбойм, деди Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында.

Өлкө башчынын айтымында, ал эки жыл ичинде абдан чарчаган. Бирок мамлекеттин пайдасы үчүн иштей берерин улантат.

"Кимдир бирөө кумарга батып кетип тосмодон секирип өтүүгө аракет кылат. Мен өзүмдөн кийинки болчу президенттин корком, эч кимди да даярдаган жокмун", — деди Атамбаев.

Президент өлкөдө ачык-айкын парламенттик шайлоо өткөнүнө абдан ыраазы болгонун, оппозицияда жүргөн кезинде мындай шайлоо тууралуу абдан кыялданарын белгиледи. Мындан тышкары, Кыргызстан өткөөл мезгилден өтүп, эми туура багытта кетип бара жатканын кошумчалады.

"Биз бардык кыйынчылыктан өтөбүз. Болгону 2017-жыл гана тынчымды алат. Эгер президентти парламенттин шайлашы тууралуу сөз козголсо, эл мындай чечимди кабыл албайт", — деди ал.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өтүп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары пайдаланылды. 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоо да дал ушундай ыкма менен өтмөкчү.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгы боюнча өткөрүп жаткан маалымат жыйынын Sputnik сайтынан окусаңыз болот>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0