Пан Ги Мун Кыргызстандын БУУдагы өкүлү Кыдыровду жылуу узатты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив
БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы катчы БУУнун Кыргызстан менен болгон кызматташуусуна чоң маани берерин белгиледи.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандын БУУдагы туруктуу жана толук ыйгарымдуу өкүлү Таалайбек Кыдыров миссиясынын аяктаганына байланыштуу уюмдун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолукканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Атамбаев менен Миллер Кыргызстанды газ менен камсыздоо системасын талкуулашты
Маалыматка ылайык, Кыдыров БУУнун жетекчисин Кыргызстанга колдоо көрсөтүп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, мындан кийинки да натыйжалуу кызматташууга ишеним артты.

Өз кезегинде Пан Ги Мун үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга болгон үзүрлүү сапарынын жемишин белгиледи. Декабрь айында Парижде климаттын өзгөрүүсүнө арналган БУУ Конференциясына президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунун маанилүүлүгүн айтып, кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Башкы катчы БУУ менен Кыргызстандын кызматташуусун бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалап, Кыдыровго ийгилик каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0