ЖККУ башкы катчысынын кызмат мөөнөтү 2017-жылга чейин узарды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖККУ башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив
ЖККУ башкы катчысы Николай Бордюжа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чечим Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде бир добуштан кабыл алынды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. ЖККУ башкы катчысы Николай Бордюжанын кызматтык мөөнөтү 2017-жылдын 1-январына чейин узартылганын Армениянын президенти Серж Саргсян билдирди. 

Анын айтымында, чечим дүйшөмбү күнү ЖККУ мамлекет башчыларынын саммитинде бир добуштан кабыл алынды.

Саргсян, мындан тышкары, уюмдун секретариатындагы жана бириккен штабдагы бош орундарды бөлүштүрүү боюнча сунуштарды даярдоо боюнча чечим кабыл алынды.

"Николай Николаевич секретариатты ийгиликтүү жетектеп, уюмдун укуктук базасын мыкты билет. Бул коюлган милдеттемелерди аткарууга жакшы өбөлгө", — деди президент.

ЖККУ 2002-жылы негизделген. Ага Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттери кирет. Буга чейин уюмдун курамында Өзбекстан да болуп келген, бирок 2012-жылдан тартып андан чыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0