Жаңы жылдан тартып "Кумтөрдүн" иши токтоп калышы мүмкүн

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компаниянын ишин улантуу үчүн Жогорку Кеңештин депутаттары маселени тез арада карап чыгышы кажет.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Кыргызстандагы "Кумтөр" кенинин иши жаңы жылдан тарта токтоп калышы мүмкүн экенин "Кумтөр Голд Компани" ишканасы билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында өкмөт тарабынан кенди иштетүүгө берилген убактылуу уруксаттын мөөнөтү аяктайт.

Компания Кыргызстандын Суу кодексине мөңгү жайгашкан аймакта иш алып барууга мүмкүнчүлүк берген өзгөртүүлөрдү киргизүү керек деп эсептейт. 

"Азырынча Жогорку Кеңеш бул маселени карай элек, демек долбоорду реструктуризациялоонун тагдыры да белгисиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Республикадагы эң ири ишканалардын бири компаниянын ишмердүүлүгүн аныктап-тактоо маселесин тез арада кароо зарылдыгын белгилейт. 

"Кумтөр Голд Компани" өлкөнүн экономикасы үчүн бараандуу орунду ээлеген ишкана. Кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу — компаниянын ишин үзгүлтүккө учуратпоо болуп саналат", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда компания 3,5 миң адамды жумуш менен камсыз кылып, республикалык бюджетке 6,3 миллиард сом алып келет деп билдирет "Кумтөр" компаниясы.

Жаңылыктар түрмөгү
0